Суусамырда эки унаа кагышып, 1 адам каза болуп, 4 адам жаракат алды
6-октябрда
саат 12:40та Бишкек-Ош унаа жолунун 209-чакырымында Тойота Секвойя
үлгүсүндөгү унаа менен Мерседес-Бенц үлгүсүндөгү унаа кагылышкан. ӨКМнын басма сөз кызматы кырсыктын кесепетинен 1
адам каза болуп, 4 адам жабыркаганын билдирди.
Окуя болгон жерге Жайыл райондук ооруканасынын Суусамырдагы фельдшердик-акушердик пунктунан "Тез жардам" унаасы барып, каза болгон адамды ооруканага алып кеткен. Ал эми жаракат алган 4 адамды жолдон өтүп бараткан унаалар Жайыл райондук ооруканасына алып кетишкен.

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
9:42
2025-07-02
14:27
2025-07-01
8:26
2025-07-01

Рейтинг:
-1

Кечээ жолдо келе жатып кордум,мерседестин алдынкы болугу узулуп кетиптир,мотору алдынкы донголоктору ар жерде жатат.Э тообо кылдым,ото коркунучтуу болуптур.