super.kg logo
  Саясат  

Жалал-Абад. Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытовдун бошотулушун талап кылган энелер митингге чыгышты

 
Бүгүн, 5-мартта Жалал-Абад облустук администрациясынын имаратынын алдына 100дөй эне митингге чыгышты. Алардын башкы талабы - Камчыбек Ташиевди, Садыр Жапаровду жана Талант Мамытовду бошотуу. Учурда митингчилер таркай элек, алар талаптары аткарылбаса, 7-мартка чейин облустук администрациянын имаратында түнөп кала тургандыктарын айтышууда. Энелердин бири, Сузак районундагы Жар-Кыштак айылынын тургуну, 74 жаштагы Кыйма Коңурова буларды айтты: "Күнөөсүз камакта жаткан уулдарыбызды чыгарып коюшса элдин да, анын ичинде биздей энелердин да көңүлү тынчымак. Президент Алмазбек Атамбаев элге артын салып, тетири карап алды. "Кумтөрдү" эл үчүн иштетүүнү айтып чыккан уулдарыбызды неге камап коюшат? Камчыбек Ташиев жыл сайын 8-мартта 100 эмес, 1000дей энеге дасторкон жайып сыйлачу. Үйдө чай ичип отурсак болмок, бирок эл деген депутаттарыбыз камакта жатса кантип чыдамакпыз?"





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: