Чеченстандын президенти Рамзан Кадыров 39 жашын белгиледи

Чеченстандын президенти Рамзан Кадыров 5-октябрда 39 жашын белгиледи. Туулган күнү менен президентти жүздөгөн адамдар: кесиптештери, кол алдында иштегендери, эл аралык өнөктөштөрү, Кремлдин өкүлдөрү жана Орусиянын курамындагы башка мамлекеттердин башчылары, артисттер, спортчулар куттукташты.
Автор: Автандил Добулбеков
Алардын катарында чечен футболчусу Заур Садаев да өлкө башчысын куттуктап, казандык "Рубиндин" дарбазасына киргизген эки голун Кадыровдун урматына арнаганын жарыялады.
Рамзан Кадыров буга чейин туулган күнүн үй-бүлөсү жана жакындары менен белгилей турганын билдирген. Анын айтымында, бул күн башка күндөрдөн эч кандай айырмаланбайт. "Туулган күндү үй-бүлө менен тосуу салтыбыз бар. Балдарыбыз ыр окуп беришет, жубайым, апам үчөөбүз чогуу отуруп чай ичебиз",- деген чечен лидери.
Маалыматка ылайык, Кадыров туулган күнүн укмуш шаан-шөкөт уюштуруп, жүздөгөн конок чакыруу менен белгилөөнү жактырбайт.
Маалыматка ылайык, Кадыров туулган күнүн укмуш шаан-шөкөт уюштуруп, жүздөгөн конок чакыруу менен белгилөөнү жактырбайт.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
2

