Тажикстанга каршы оюнда кыргыз футболчулары ак түстөгү форма менен ойношот

Тажикстанга каршы оюнда кыргыз футболчулары ак түстөгү форма менен ойношот. Бул тууралуу КРнын Футбол федерациясында орун алган эки команданын өкүлдөрүнүн жолугушуусунда белгилүү болду.
Автор: Максат Кудайбердиев
Маалыматка ылайык, майданда ойной турган 10 футболчубуз ак түстөгү форма менен ойносо, дарбазачы сары түстөгү форма менен майданга чыгат. Ал эми Тажикстандын оюнчулары кызыл түстөгү форма менен майданга чыкса, дарбазачы көк түстөгү форма киет.
Кошумчалай кетсек, кыргыз футболчулары эртең, 8-октябрда Дүйнө чемпиондугунун тандоо турунда Тажикстан курамасы менен беттешет. Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо орун алчу беттешке саат 19:30да старт берилет.

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

"Ак ит, кок ит, баары бир ит" демекчи, ак тус, кызыл тус, кок тус, баары Кыргызстандын футболчулары. Алга КG...