super.kg logo

Салык кызматы көзөмөлдүк-кассалык машиналарды фискалдаштыруу боюнча долбоорду ишке киргизди

 

Мамлекеттик салык кызматы тарабынан Салык кызматына маалыматтарды онлайн функциясы менен бериле турган көзөмөлдүк-кассалык машиналарды фискалдаштыруу боюнча пилоттук долбоор ишке киргизилди. Бул тууралуу 7-октябрда аталган мекеменин маалымат кызматынан билдиришти. 

“ККМ онлайн режими” долбооруна ыктыярдуу негизде ишкердиктин 35 субъектиси – ишмердиктин ар кандай түрлөрүнүн өкүлдөрү, анын ичинде супермаркеттер, АЗСтер, дарыканалар, медициналык лабораториялар, диагностикалык борборлор, ТТСтер, кафелер, дүкөндөр жана мейманканалар катышууда.

Салык кызматы көзөмөлдүк-кассалык машиналарды фискалдаштыруу аркылуу акча каражаттарын эсепке алуу боюнча көзөмөлдүк ишенимдүү системин жайылтууда. Ал эми бул салыктарды туура жана толугу менен эсептөөдө, салыктарды тескеп башкарууда көзөмөлдүн натыйжалуу жүргүзүлүшүнө мүмкүндүк берет. 

Салык кызматынын башчысы Замирбек Осмоновдун айтымында, долбоорду ишке ашыруу мамлекетке гана эмес, ошондой эле салык төлөөчүлөргө да олуттуу пайда келтирет. “Акча жүгүртүүлөрдү мыйзамдаштыруунун эсебинен салык жыйымдары көбөйөт, айкын фискалдык систем түзүлөт. Ошондой эле салык төлөөчүлөр үчүн атаандаштык чөйрөсү түзүлөт жана абийирдүү субъекттерге карата көзөмөлдөөнүн ар кандай формалары кыскартылат”,- деди Осмонов.

Онлайн режиминде маалымат берүү функциясы менен көзөмөлдүк-кассалык машиналарды убактылуу колдонуу пилоттук механизмин киргизүү август айынан тартып Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун аймагында өткөрүлүп жатат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: