Кадамжайда окуучулар арасында спорттук оюндар өткөрүлдү





"Кадамжай-унаа жолу" чек ара өткөрүү бекетинин чек арачылары Кадамжай районунда окуучулар арасында спорттук оюндарды өткөрүштү. Ага А.Масалиев жана Б.Айтматов атындагы мектептердин окуучулары катышты. "Патриоттуулук, Ата Мекенди сүйүү жана коргоо" урааны менен өткөн спорттук мелдеш тууралуу Чек ара кызматынан 7-октябрда билдиришти.
Катышуучулар атуучу куралдарды кураштыруу, биринчи медициналык жардам көрсөтүү, гиря көтөрүү, аркан тартуу, чуркоо боюнча күч сынашты.
Иш-чаранын максаты - аскерде кызмат өтөөгө жаштардын кызыгуусун арттыруу жана жайылтуу.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.