Эл аралык футбол федерациясы Австралияга каршы оюндагы каталардан улам кыргыз федерациясын 28 миң доллар айыпка жыкты

Эл аралык футбол федерациясы (ФИФА) Австралияга каршы оюндагы каталардан улам Кыргыз Республикасынын Футбол федерациясын 28 миң доллар (болжолдуу түрдө 2 миллион сом) айыпка жыкты. Бул тууралуу КРнын Футбол федерациясынын вице-президенти Асылбек Кадралиев билдирди.
Автор: Максат Кудайбердиев
Фото: Максат Кудайбердиев
Маалыматка ылайык, ФИФА кыргыз футболчуларынын Австралияга каршы беттешинде катталган 3 факт боюнча ушундай чара көрдү.
3 факт:
- Стадионго кирген элдин саны чектен ашкандыгы;
- Трибунада күйүүчү заттын байкалгандыгы;
- Күйөрмандын майданга чуркап чыгуусу.
3 факт:
- Стадионго кирген элдин саны чектен ашкандыгы;
- Трибунада күйүүчү заттын байкалгандыгы;
- Күйөрмандын майданга чуркап чыгуусу.
Асылбек Кадралиев билдиргендей, ФИФА муну менен катуу эскертүү берди. Эгер бул көрүнүштөр кайталана турган болсо, командага автоматтык түрдө жеңилүү жазылат же команда күйөрмандар жок ойноого мажбур болот.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Аларда чуркап чыгат даже кийими жок жыпжылаңач болуп чыгышат чыкканда да.