Красноярск шаарынан Бишкекке кетчү учак каттамы артка жылдырылып, 150дөй кыргыз жараны аэропортто ачка отурганы боюнча тиешелүү жак жооп берүүдөн баш тартууда
Жолдошбек Бектурганов


Жолдошбек Бектурганов



Бүгүн, 7-октябрда Орусиянын Красноярск шаарынан Бишкекке кетчү "Эйр Кыргызстан" компаниясына таандык болгон учак учуу убактысы келгенде белгисиз себептерден артка жылдырылып, түнкү саат 03:00дөн бери 150дөй кыргыз жараны аэропортко жакын турган мейманканаларда отурат. Алар SUPER.KG'ге WhatsApp аркылуу кайрылышып, каттам качан болорун билип берүүнү суранышкан.
Автор: Жамалидин Парманкулов
"7-октябрда түнкү саат 03:10до Красноярск шаарынан Бишкекке учуп кетмекпиз, бирок каттам белгисиз себептерден улам артка жылдырылып, учурда 150дөй Кыргыз Республикасынын жараны уча албай, аэропортко жакын турган мейманканаларда жатабыз. Компания өкүлдөрү бүгүн саат төрттө уча турганын билдиришүүдө. Арабызда оорукчан адамдар, жаш балдар бар",- дешкен алар. Биз аталган компаниянын жетекчиси Жолдошбек Бектурганов менен байланышып жооп алууга бир нече ирет аракет кылганыбыз менен, ал киши жооп берүүдөн баш тартты. Бектургановдун кабылдамасында отурган катчылары "ал киши "бош эмесмин" деп жатат", "түштөнүүгө кеткен", "2-3 сааттан кийин чаласыздарбы..." деп гана жооп узатып жатышты.
Андан кийин аэропортто отурган жүргүнчүлөрдүн бири Наврусбек Чермашов байланышка чыгып, эки аялдын абалы өтө оор болуп жатканын жана көпчүлүгү ачка отурганын билдирди.
Андан кийин аэропортто отурган жүргүнчүлөрдүн бири Наврусбек Чермашов байланышка чыгып, эки аялдын абалы өтө оор болуп жатканын жана көпчүлүгү ачка отурганын билдирди.
Красноярск шаарынан Бишкекке кетчү учак каттамы артка жылдырылып, 150дөй кыргыз жараны мейманканада жатышат
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(7)
KUMTOR1

Медиа-портал
07.10.2015. 13:44
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кампирлар дейтко)
Marat-m

07.10.2015. 15:43
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Манаке манаке манаке
missO

07.10.2015. 15:46
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул эмне кылышыканы эми??? Оорукчандар бар эле дейт...а тиги компаниясынын жетекчиси Жолдошбек Бектурганов неге жооп берүүдөн баш тартат?
Mars55

07.10.2015. 15:55
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бизди тенсинбейт
Arslanbek

07.10.2015. 17:09
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Озун алып качканы корунуп эле тураь Бектургановдун.Али эми авиакампаниялардын атаандаштыгын артыруу максатында да биздин авиакомпанияларга ущундай жол мн кысым к/п жа/т орустар.
Aviator

07.10.2015. 17:40
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
кеп орустарда эмес. май куйганга акча бербей журсо анан уча албай олтуратда. болбосо компаниянын жетекчиси айтат эле да мындай болду андай болду деп. анан карыз элек деп айтмак беле.
raysultan007

08.10.2015. 09:24
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Баардык жургунчулорго компенсация толоп бериш керек авиакомпания, антпесе жургунчулор сотко беришсе болот. Жок эле дегенде мейманкана менен тамак ашка кеткен чыгымдарын толотуш керек, моралдык, ден-соолук чыгымдарын айтпаганда да. Авиакомпания канчалык коп компенсация толоп коп чыгымга учураса, кийинки кызмат корсотуусу учун ошончолук чон сабак болуп, жоопкерчиликти сезе баштайт деп ойлойм.
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.