Малайзиялык студия Кыргызстандын улуттук ашканасы тууралуу документалдуу фильм тартат
Малайзиянын ТV3 телеканалынын "Primeworks" студиясы Кыргызстандын улуттук ашканасы тууралуу документалдуу фильм тартат. Тасманы тартуу үчүн Кыргызстанга Малайзиядан атайын тандалган 3 башкы ашпозчу келет жана өлкөнү кыдырып жергиликтүү ашкананын, маданияттын уникалдуулугу тууралуу айтып беришет. Кыргызстандын улуттук тамак-ашы тартылчу тасма 6 эпизоддон туруп, тартуу иштери 21 күнгө созулат. Алдын ала маалыматтарга караганда, аталган иш-чарага жергиликтүү ашпозчуларды тартуу жагы да пландалууда. Кыргызстандын Малайзиядагы элчилиги өлкөнүн туристтик мүмкүнчүлүгүн пропагандалоого бул иш-чара сонун шарт түзүп берерин белгиледи. Тартылган тасма малайзиялык ТV3 телеканалынан 2015-жылдын декабрында көрсөтүлмөкчү.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:11
2025-11-10
15:14
2025-11-10
Рейтинг:
6
6
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео















