Кусейин Карасаевдин мемориалдык музей комплекси ачылат
Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда белгилүү илимий ишмер, тилчи, лексиколог Кусейин Карасаевдин мемориалдык музей комплексин ачуу пландалууда. Маалым болгондой, комплекстин курулушу 2012-жылдын август айында башталган жана быйыл июнь айында аяктамакчы. Бул тууралуу 5-мартта журналисттер менен болгон жолугушууда аталган мекеменин жетекчиси Нурлан Эсенгулов билдирди.
“Курулуш иштерине Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондунан 2 миллион 160 миң сом каражат бөлүнгөн. Берилген акчага музейди куруп бүтүрдүк, эми жасалгалоо иштери гана калды. Ал эми музейге коюлчу экспонаттар Карасаевдин үй-бүлөсү тарабынан берилет. Ошондой эле музейде китепкана ачылат”,- деди Эсенгулов.
Айта кетсек, аталган комплекс 8 гектар аянтты ээлейт.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
21:13
2025-11-05
19:43
2025-11-05
17:12
2025-11-05
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















