super.kg logo

Ош шаарынын күнүн салтанаттуу белгилөөдө "Боорсок" жарманке-фестивалы болот

 
29-октябрь күнү Ош шаарынын күнүн салтанаттуу белгилөө максатында С.Ибраимов атындагы Улуттук драма театрынын алдында “Боорсок” жарманке-фестивалы болот. Фестивалда көптөгөн кыз-келиндер, энелер боорсоктун түрлөрүн жасоонун ыкмаларын көрсөтүп беришмекчи. Мэриядан кабарлашкандай, бул күнү ундан жасалган улуттук нандын ар кандай түрлөрү да көргөзмөгө коюлат. 
Иш-чарада кыргыздын боз үйү тигилип, анда конок күтүү каада-салттары көрсөтүлөт. Фестивалга чет өлкөдөн келген туристтер жана КМШ мамлекеттеринен делегациялар чакырылган.
Эске сала кетсек, 2000-жылы 5-октябрь күнү Ош шаарынын 3000 жылдыгы белгиленген. Андан бери салтка айланган бул майрам быйыл КРнын Жогорку Кеңешине болуучу шайлоо менен удаалаш келип калгандыгына байланыштуу Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаевдин буйругунун негизинде 29-октябрга жылдырылган.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
07.10.2015. 18:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Копурооооооооо бутсун
07.10.2015. 23:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эки ок менен бир коен атуу идея баарыбыздын тилегибиз экени талашсыз. ОШ шаары менин студенттик доорумдун кубосу. Боорсок- Ууртумдан шилекейимди чубурткан улуттук даам!!! Демек; Парламенттик шайлоого шылтап Касиеттуу Ордолуу ОШ шаарынын даталуу кунун кеч да болсо белгилооруно мен тилектешмин! ОРКУНДОП ОСО БЕР ОРДОЛУУ ОШ ШААРЫ!!!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: