Жылнаама, 9-октябрь: Мындан 2 жыл мурун обончу, аткаруучу, КРнын Эл артисти Апаз Жайнаков 53 жаш курагында дүйнө салган

"Кыргыз жери", "Өрүкзарга кетели" деген ырлары менен эл сыймыгына айланган Апаз Жайнаков Баткен облусунун Баткен районунда төрөлүп-өскөн. Мектепти аяктагандан кийин Самаркандек айылындагы техникумга тапшырган. Көп өтпөй эле 2 жылга Чехословакияга, аскердик кызматка жөнөп, аскерден келгенден кийин Ош педагогикалык институтунун музыкалык бөлүмүнө эки ирет тапшырып, сынактан өтпөй калган. Ал убакта бош жүрбөстөн, Апаз Жайнаков айылга барып совхоздо трактор оңдоочу, электрик болуп иштеген. Кийин Бишкектеги Улуттук филармониянын астындагы 2 жылдык студияга тапшырып, вокалдан сабак алган. Студияны аяктагандан кийин айылына барып, мурдагы жумушун уланткан. Ал эми 1985-жылы Б.Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик искусство институтуна тапшырып, жогорку билимге ээ болгон. Окуусун аяктап, бала бакчада эмгектенген. Андан соң райондогу Маданият үйүндө иштеп калган.

Че Гевара мамлекеттик кызматтан кеткенден 1,5 жылдан кийин Боливиядагы көтөрүлүшчүлөр менен бирге экендиги маалым болгон. Тилекке каршы, ал жетектеген кичинекей отряддын максаты ишке ашпай, аны талкалоо үчүн АКШнын президенти "Синтия" аттуу атайын операцияга кол койгон. Атайын даярдалган ал операцияда Че жарадар болуп, колго түшкөн. Аны ошол жердеги мектепке камап, кийин атып өлтүрүшкөн. Ал эми анын сөөгүн элдин кароосуна таштап коюшкан.
Көп жылдар бою анын көмүлгөн жери жашыруун болуп, арадан 30 жыл өткөндөн кийин гана Ченин сөөгү кайсы жерге көмүлгөнү билинген. 1995-жылы боливиялык армиянын генералы Че Гевара аба майданынын учактар уча турган тилкесине катарлаш жерге, өлтүрүлгөн эле жерге коюлганын билдирген. Эки жылдан кийин анын дүйнөдөн кайтканынын 30 жылдыгына карата сөөгү эксгумацияланып, мекени Кубага жиберилген. Учурда анын сөөгү Че Геварынын күмбөзүндө, бирок айрымдар 1997-жылы команданттын өзүнүн сөөгү коюлганына ишенбей да келишет.


Бул фильмди "Титаник", "Пёрл Харбор" фильмдери тартылган эбегейсиз чоң жасалма бассейнде тартышкан. Тартуу иштери узакка созулгандыктан, чыгармачыл топтун көпчүлүгү деңиз оорусу менен оорушкан экен. Бир күнү кокусунан өрт чыгып кетип, ижарага алган жерге зыян келтиргендери үчүн 350 миң долларга чыгым болгондору жөнүндө маалымат бар.
Тасмадагы Жонни Депптин кийимдери анын денесиндеги татуировкаларды көрсөтпөө үчүн атайын тандалып алынган. Жек Воробейдин колундагы татуировка чыныгы татуировка эмес эле. Кийин фильм экранга чыкканда Депп колуна дал ошондой татуировка тарттырган. Ошондой эле анын оозундагы алтын тиштерин көрсөтпөө үчүн аларды тиш имплантанттары менен жабышкан.
9-октябрда кыргыз өлкөсүндө жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар.
кошулду
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
9:14
2022-10-25
Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
amanatym

09.10.2015. 10:01
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жаткан жери жайлуу болсун
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.