Кыргыз футболчулары Тажикстан менен болчу оюнга карата башкы стадиондо 1 сааттык машыгуу өткөрүштү
Жарым коргоочу Бактияр Дүйшөбеков


Жарым коргоочу Бактияр Дүйшөбеков

Виктор Майер

Дарбазачы Валерий Кашуба

Дарбазачылардын машыгуусу

Улуттук курам 1 сааттык машыгуу өткөрдү

Улуттук курам 1 сааттык машыгуу өткөрдү

Улуттук курам 1 сааттык машыгуу өткөрдү

Башкы машыктыруучу Александр Крестинин

Чабуулчу Кайрат Жыргалбек уулу

Курсан Шератов

Мирлан Мурзаев

Азамат Байматов

Валерий Кичин

Азамат Байматов жана Антон Землянухин

Эдгар Бернхард

Улуттук курама команданын машыгуусунан...

Улуттук курама команданын машыгуусунан...
Бүгүн, 7-октябрда футбол боюнча Дүйнө чемпиондугунун тандоо турунда беттеше турган тажик жана кыргыз футболчуларынын машыгуулары өтүүдө. Биринчилерден болуп майданга кыргыз футболчулары чыгып, 1 сааттык машыгуу өткөрүштү. Машыктыруучу Александр Крестининдин шакирттери командалык байланышты камсыздоого багытталган көнүгүүлөрдү, стандарттык абалдарда коргонуу жана гол жаратууну шарттаган көнүгүүлөрдү аткарышты. Ал эми дарбазачылар жакын аралыктан узатылган соккуларды тосуу, бурчтан чыгарууда жана айып соккусу тебилгенде аракетке өтүү көнүгүүлөрүн кайталашты.
Автор: Максат Кудайбердиев
Фото: Максат Кудайбердиев
Машыгууга бардык оюнчулар катышты. Буга чейин алган сары айып кагазынан улам Тажикстан менен оюнга чыкпай турган Валерий Кичин дагы команда менен машыкты. Кичиндин 13-октябрда Бангладешке каршы беттеште майданга чыгары күтүлүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
4

Айрыгылачы бир!!!
Башка атаандаштарга пайда болот,
тактикаларыбызды жаттап алышып иш корсотушот.
Бул команда менен кополураак ойнош керек, физически кучтуурак.
Алга Кыргызстан!
Aiko жон эле тамашалап жататта кичине юмор деген болуш керекта такыр эле уйротуп алыптырсын аай бир аз билим болсо эле молдо болуп каласынар :)
А Так Кыргызстан алга, 2013 чу жылдагы счетту кайталап койгула буюрса...
Алга КG!
Аракет кылабыз.