super.kg logo

Кадамжай районунда эки адам "сибирь жарасы" оорусуна күмөндүү болуп жаткырылып, бири аталган илдетке кабылганы аныкталды

 


Баткен облусунун Кадамжай районундагы Халмион айыл аймагында 30-сентябрда Кадамжай аймактык ооруканасына эки адам “сибирь жарасы” оорусуна күмөндүү болуп жаткырылды. Бул тууралуу ӨКМнын маалымат кызматынан 8-октябрда билдиришти. 

Алар:

1. Халмион айыл аймагынын Халмион айылынын Чекелик участкасынын тургуну, 1976-жылы туулган Камалжан Чоёнов;

2. Айдаркен шаарынын Гауян көчөсүнүн тургуну, 1958-жылы туулган Аширбай Колдошов.

1-октябрда Кадамжай райондук санитардык жана эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору тарабынан анализге үлгү алынып, Ош шаарындагы Түштүк аймактык чума оорусуна каршы күрөшүү бөлүмүнө жөнөтүлгөн. Анализдин жыйынтыгы 7-октябрда чыгып, Халмион айылынын тургуну Камалжан Чоёнов аталган ооруга кабылгандыгы аныкталган.

Кадамжай райондук жарандык коргонуунун медицина кызматы тарабынан сибирь жарасынын алдын алуу боюнча элдин арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. 5 врач жана 30 медайым оорунун таркалуусунун алдын алуу боюнча иш алып барып, Чекелик жана Подхоз участкаларында 212 кожолукка, 886 адамга түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. 

Айдаркен шаарынын тургуну Аширбай Колдошовдун оорусу боюнча анализдин жыйынтыгы чыга элек.  





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(7)
08.10.2015. 08:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ii Kudai wypaasyn bersin..salam super.kg...sizder da owol sibir jarasy tuuraluu maalymat be rip koisonuzdar
08.10.2015. 08:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ал кандай ооруу?
08.10.2015. 09:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Википедииядга жазгыла сибирская язва деп
08.10.2015. 11:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кадамжайдын айыл менен кочосунун аты эле укмуш го. Кыргызча ысым жокпу? Сибир жарасын алдын ала чара корбосо,жаман.
08.10.2015. 11:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
EdikoKG, сен барып койуп келгин
09.10.2015. 00:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
EdikoKG, затына аты жарашып эле турат
08.10.2015. 12:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чума ал оорудан айыпайт. Жугуштуу оору. Чума олумго жеткириши мумкун
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: