Баткен районунун 36 жаштагы тургуну тажикстандык төрт аялды унаасы менен Ош шаарына алып баруу үчүн чек арага барган бойдон дайынсыз болууда
Баткен районунун Ак-Турпак айыл өкмөтүнө караштуу Чоң-Талаа айылынын 36 жаштагы Жахангир Турмушев аттуу тургуну тажикстандык төрт аялды унаасы менен Ош шаарына алып баруу үчүн кыргыз-тажик чек арасына барган бойдон дайынсыз болууда. Баткен облустук ички иштер башкармалыгы 29-сентябрда издөө жарыяланганын SUPER.KG'ге 8-октябрда билдирди. Басма сөз кызматынын маалыматына таянсак, 29-сентябрда анын жубайы милицияга кайрылып, жолдошу 26-сентябрда түнкү саат 1:00 чамасында үйдөн чыгып кетип, кайрылып келбегенин айткан.
Маалым болгондой, дайынсыз болуп жаткан Жахангир айылдашынын өтүнүчү менен тажикстандык төрт аялды унаасына салып Ошко жеткирүү үчүн аталган айылга жакын, кыргыз-тажик чек арасындагы такталбаган жерге барган. Тажик күч органдары "аталган төрт аялды Сирияга алып кетүүгө жардамдашууда" деген негизде Жахангир Турмушев аларды өздөрүнүн аймагына алып кирип кеткенин айтууда.
Автор: Жамалидин Парманкулов

Баткен ОИИБинин маалымат кызматы Жахангирдин кайда экени такталбай жатканын билдирди. "Ал Тажикстандабы же жокпу, азырынча белгисиз болуп жатат",- дешти маалымат кызматынан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
9:42
2025-07-02
14:27
2025-07-01
8:26
2025-07-01

Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
ibro

08.10.2015. 22:58
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мамлекет жардам берип, биздин Таджикистандагы элчилерге кайрылбайбы, бийликте олтургандар ушундай иштерди караштырып берсе болмок, качанга чейин коркуп жашайбыз? Бизде барбы теги патриот байкелер, баткенге барып ушул чек ара маселесин чечип берсенер болмок...
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.