super.kg logo

Ош облусунда диний окуу жайлар арасында спорттук мелдештер өткөрүлөт

 

Ош облусунда диний окуу жайлар арасында спорттук мелдештер өткөрүлөт. Бул тууралуу Ош облусунун мусулмандар казыятында райондордун имамдары жана диний окуу жайлардын директорлору менен болгон жыйында айтылганын 8-октябрда Ош облусунун мусулмандар казыятынан билдиришти.

Жыйындын жүрүшүндө жалпы 5 маселе каралып, диний окуу жайлар арасында илимий жана спорттук мелдештерди өткөрүү, каттоодон өтпөгөн мечиттерди тактап, тез арада каттоого даярдоо, аткарылган иш-аракеттер боюнча ай сайын казыятка бир айлык маалымат тапшыруу сыяктуу маселелер каралды.

Облус казысы Самидин Атабаев диний кызматкерлерди мектеп-медресе, Ислам институттары даярдап чыгарарын белгилеп, имамдарга, медреселердин директорлоруна диний окуу жайлардын билим берүү деңгээлин жогорулатып, окуу жайлар арасында тажрыйбаларды бөлүшүү менен тыгыз байланышты күчөтүү боюнча тапшырмаларды берди.

Жыйындын катышуучулары тарабынан октябрь айынын соңунда облустун бардык медреселеринин арасында спорттун футбол, волейбол, теннис түрү боюнча мелдеш өткөрүү чечими кабыл алынды.

Эскерте кетсек, Ош облусунда учурда 2 Ислам институту, 11 медресе ишмердүүлүгүн жүргүзүп келе жатат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: