super.kg logo

Ветеринардык жана фитосанитардык кызматы тарабынан өлкөдө жыл сайын үч миңге жакын жолбун ит атылат

 

Мамлекеттик ветеринардык жана фитосанитардык кызматынын тарыхында биринчи жолу Эл аралык эпизоотиялык бюросу Бишкекте семинар өткөрдү. Ага 16 мамлекеттен келген өкүлдөр катышканын аталган мекеменин маалымат кызматы 8-октябрда билдирди. 

Семинар батыш евразиялык аймактарда жолбун иттердин маселелерин чечүүнүн багыттарын кароого алды. 

Башкы ветеринардык инспектор Ашырбай Жусупов бул маселе боюнча өткөрүлгөн иш-чара мындан ары жолбун иттердин маселесин чечүүдө өлкөлөр аралык кесиптештердин ортосундагы тажрыйба алмашуу менен өзүнүн чоң натыйжасын берерине ишене турганын айтты. 

"Ар жыл сайын биздин республика боюнча инспекторлор тарабынан 3 миңге жакын ит атылат. Бул иш-чарада иттерди вакцина кылуу жана жолбун иттердин маселелерин карап, өз кесиптештерибиз менен тажрыйба алмашабыз",- деди ал. 

Семинардын катышуучулары жолбун иттердин маселелери өнүккөн өлкөлөрдө өзгөчө көйгөй экенине токтолушту. Муну менен катар коңшу өлкөлөрдүн ичинен Кыргыз Республикасы бул маселеге биринчилерден болуп көңүл буруп, Эл аралык эпизоотиялык бюронун да бул багытта көңүлүн бурдургандыгы чоң жетишкендик экенин белгилешти. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
08.10.2015. 13:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Бала кезде (анда СССР убагы) ит атар дегенден аябай коркчубуз да. Алар келип, сенден сурабай-этпей туруп итиңди атып кетишчү, канча ыйлап калган күндөр болду... Ошого азыр деле түшүнбөйм, неге сурашчу эмес,ал деген жолбун эмес, бир үйгө тиешелүү, анын ээси бар эле да... Эч ким эч нерсе дей албай эле калып калчу... Анан иттерибизди катчубуз да, ит атар келип калбасын, атып кетпесин депчи... Жүрөктүн үшүн бир топ эле алган, кыскасы...
08.10.2015. 15:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
ит атарлардын тел.номери керек эле. биздин кочодо да жолбун иттер кобойуп кетти. атыш керек болуп атат.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: