Өкмөттө "Индустриалдык парктар тууралуу" мыйзам долбоорун иштеп чыгуучу топтун жыйыны өттү
Өкмөттө 8-октябрда "Индустриалдык парктар тууралуу" мыйзам долбоорун иштеп чыгуучу топтун жыйыны өттү. Жыйынга катышкан вице-премьер-министр Валерий Диль: "Мыйзам долбоорунун акыркы вариантын иштеп чыгууда инвестициялык жагымдуу шарттарды сактоо зарыл. Ошондо гана өндүрүш кубаттуулугу аксап турган тармакка ишканаларды ачууга даяр потенциалдуу инвесторлорду кызыктыра алабыз",- деп билдирди.
Вице-премьер ата мекендик өндүрүштү кайра жандантууга аталган мыйзам долбоору зор түрткү берерин белгилейт. "Мыйзам долбоорунда жазылган жеңилдиктер убактылуу гана. Документ кабыл алынып калса, экономиканын алсыз тармагына жакшы таасирин тийгизет",- деди өкмөт өкүлү.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:11
2025-11-10
15:14
2025-11-10
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео















