Машыктыруучу Александр Крестинин: "2-таймда кыргыз футболчулары бошоңдук кылып коюшту"
Футбол боюнча улуттук курама команда менен Тажикстандын ортосундагы оюнда 2:2 эсебинде тең чыгуу катталды. Бул оюн боюнча улуттук курама команданын башкы машыктыруучусу Александр Крестинин комментарий берди. Ал 2-таймда тажик футболчуларынын гол жаратканы күтүүсүз болгонун жана ошол учурду териштирип жатканын айтты.
Автор: Максат Кудайбердиев
Ошондой эле А.Крестинин төмөнкүлөргө токтолду: "2-таймда биздин оюнчулар чарчагандай түр көрсөтүп, бир топ боштук кылып коюшту, бирок оюндун акырында алардын кандай чуркаганын өзүңүздөр көрдүңүздөр. Команда 1-таймдагыдай ойногондо жеңишти камсыздамакпыз, себеби алгачкы 45-мүнөттүктө бардык футболчуларыбыз менин тапшырмаларымды так аткарып, жакшы ойношкон".
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
22:20
2025-10-31
Рейтинг:
5
5

Супер-Инфо
super.kg видео


















Аймактык бөлүү жана бөлүнүүчүлүк маанисиндеги билдирүүлөрдү жазууга тыюу салынат.