super.kg logo

Кочкор-Ата шаарында Республикалык Спартакиаданын ачылышы болду (фото)

 

Өкмөт башчы Темир Сариев Жалал-Абад облусуна жасаган иш сапарынын алкагында Кочкор-Ата шаарындагы Республикалык VII Спартакиаданын ачылыш салтанатына катышты.

Өкмөттүк аппараттан билдиришкендей, Темир Сариев спортчуларга ийгиликтерди каалап, өкмөттүн резервдик фондунан спорттук иш-чаранын байге фонду үчүн бөлүнгөн 1 миллион сомду тапшырды.

"Жалал-Абаддын тургундарын дагы бир сүйүнүчтүү кабар күтүүдө, үстүбүздөгү жылдын 20-октябрында капиталдык оңдоодон өткөрүлгөн Жалал-Абад шаарынын стадиону ачылат. Келечекте жалпы өлкө боюнча бул сыяктуу көптөгөн спорттук комплекстер ишке берилет. Бүгүнкү спорт таймашынын катышуучуларына мен жаңы ийгиликтерди багынтууну каалайм. Бул таймашты 2016-жылы август айында Рио-де-Жанейродо (Бразилия) өтүүчү Жайкы Олимпиадага карата даярдык катары эсептесек болот",- деп белгиледи премьер-министр.

Өкмөт башчы кошумчалагандай, быйыл республикалык бюджеттин эсебинен 15 спорттук объект курулуп, чоң спорттук комплекс ишке берилди. Мындан тышкары Ысык-Көл жээгиндеги «Достук» пансионатынын базасында спорттук комплекстин курулушу пландаштырылууда, анда мамлекетибиздин спортчулары атайын дене тарбиялык даярдыктан өтүүсү үчүн шарттар түзүлөт.

Премьер-министр Жалал-Абад облусуна жасаган бир күндүк иш сапарынын алкагында бир катар спорттук комплекстерге күрөштө колдонулуучу килемдердин беш комплектин белекке тапшырды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 3 
Комментарийлер(1)
09.10.2015. 11:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы суйунучтуу кабар экен.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: