super.kg logo
  Саясат  

Ошто нотариус өкүлдөрү үчүн семинар өттү

 
Ош шаардык юстиция башкармалыгында мамлекеттик жана жеке нотариустардын өкүлдөрүнүн катышуусунда семинар өттү. Жыйында жеке нотариустарга кайрылгандарга мыйзамга ылайык мамиле жасоо, нотариалдык аракеттерди жасоодо мыйзамдын талаптарын сактоо зарылдыгы белгиленип, жеке нотариустардын иши, алардын этикасы юстиция органдарынын жүзү экени белгиленди. 
Юстиция министрлигинен 8-октябрда билдиришкендей, өкмөттүн тийиштүү нускамасына ылайык жеке нотариустар тарабынан жасалган нотариалдык иш кагаздарын өзүнүн нотариалдык округунда жайгашкан мамлекеттик нотариустун архивине 3 айда бир жолу тапшырууга милдеттүү. "Иш кагаздарды архивге тапшыруу боюнча жеке нотариустар мүчүлүштүктөргө жол бербөөнү, эгер андай жагдайлар кайталанса, мыйзам чегинде чаралар көрүлөрү эскертилди. Жалпысынан жыйынга 40тан ашуун мамлекеттик жана жеке нотариустардын өкүлдөрү катышты",- деп билдирет министрлик.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: