11-октябрда "Түндүк Кавказ элинин маданияты" аттуу II Эл аралык фестиваль өтөт
Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында 11-октябрь күнү "Түндүк Кавказ элинин маданияты" аталышындагы II Эл аралык фестиваль өтөт. Бул тууралуу бүгүн, 9-октябрдагы маалымат жыйынынын жүрүшүндө уюштуруучулар билдиришти.
"Ата Журт" Эл аралык карачай ассоциациясы коомдук уюмунун президенти Зухра Шидакова иш-чаранын максатына токтолуп: "Биз муундан муунга өтүп келген маданиятты сактап келе жатабыз. Бардык улуттардын маданияты баалуу экенин көрсөтүү максатында экинчи жолу уюштурдук",- деди.
"Гармония" орус маданий борборунун вице-президенти Семён Поляков улуттардын маданиятын көрсөтүүчү фестивалдар колдоого алынарын билдирди.
Фестивалга чакырылган Карачай-Черкес Республикасынын артисти Кулизар Байрамкулова: "Бул жакка келип тилибиздин окшоштугун байкадым, айлананын кооздугуна суктандым. Салттарды сактоого аракет кылышканын көрдүм. Улуттук бийлер, ырлар болот",- деген оюн айтты.
Фестивалга Түндүк Кавказ элинин чыгармачыл топтору, эл аралык фестивалдардын жеңүүчүлөрү жана лауреаттары, Казакстан, "Минги-Тау" карачай-балкар ансамбли катышат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:24
2025-11-03
10:29
2025-11-01
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















