"Кара-Суу" өткөрүү пунктунда жаңы санитардык-карантиндик пункт ачылат
Өкмөттө бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын Евразиялык экономикалык биримдикке киришинен кийинки медициналык санитардык-карантиндик пункттардын иши талкууланган жыйын өттү.
"Кыргыз Республикасынын Бажы биримдигине кириши боюнча жол картасын ишке ашыруу максатында кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасындагы "Кара-Суу темир жолу" өткөрүү пунктунда жаңы медициналык санитардык-карантиндик пунктту ачуу пландалууда. Мындай чечим темир жол каттамдарын ачуу пландарына байланыштуу кабыл алынды",- деп билдирди вице-премьер-министр Валерий Диль.
Жакынкы аралыкта Караколдогу жана Баткендеги аэропорттордун өткөрүү пункттарынан аталган багыттагы пункттар алынары айтылды. "Аталган аэропорттор Эл аралык жарандык авиация уюмунда катталган эмес жана аларда санитардык-карантиндик пункттарды түзөтүү жагы каралган эмес",- деп кошумчалады өкмөт өкүлү.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0

