Шашылыш билдирүү! 11-12-октябрда аба ырайынын кескин өзгөрүлүшү күтүлөт
Ченемден тышкары ысык жана кургак аба ырайынан кийин 11-12-октябрда аба ырайынын кескин өзгөрүлүшү күтүлөт. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы жарыялады.
Автор: Айпери Ганыжан кызы
Маалыматка караганда, 11-октябрда күндүз жана 12-октябрда мезгил-мезгили менен жаан, тоолуу райондордо кар, кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Айрым райондордо батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 18-23 метрге чейин жетет. Бийик тоолуу аймактардын унаа жолдору тайгак болот. Абанын күндүзгү температурасы кескин төмөндөйт.
Мындай жаан-чачындуу аба ырайы айыл чарба иштерин, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда мал кармоону кыйындатат.
Мындай жаан-чачындуу аба ырайы айыл чарба иштерин, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда мал кармоону кыйындатат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:20
2025-06-27
13:53
2025-06-27

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.