super.kg logo
  Саясат  

Жогорку Кеңештин Иш башкармалыгы депутаттарга 2 миллион 682 миң сомго жаңы 120 кресло сатып алганы жатат

 
Жогорку Кеңештин Иш башкармалыгы депутаттарга жаңы 120 кресло сатып алууга камынууда. Бир күн мурун башкармалык тарабынан 120 орундук сатып алууга тендер жарыяланып, ага жалпы 2 миллион 682 миң сом сарпталары (ар бирине 22 350 сомдон) жарыяланган. Тендердин талабына ылайык, отургучтар накта булгаарыдан жасалып, 120 килограммдан ашык салмакты көтөрө алышы керек. Мындан тышкары 6 айга кепилдиги менен берилиши шарт. 
Мындай аракет коомчулукта кызуу талкуу жаратты. Социалдык тармактарда "Шайлоо алдында бардык партиялар "Жогорку Кеңештин чыгымын кыскартабыз" деп жатышты эле. Алар эмнеге унчугушпайт?" деген суроо коюшууда. Бул боюнча аталган башкармалыктын өзүнөн комментарий алууга мүмкүн болбоду. Башкармалык өкүлдөрү түрдүү шылтоолорду айтып, жооп берүүдөн баш тартышты. 







 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: