Алмазбек Атамбаев Түркиядагы 95 адамдын өмүрүн алган жардырууга байланыштуу Режеп Тайып Эрдоганга көңүл айтты

Президент Алмазбек Атамбаев Түркиядагы 95 адамдын өмүрүн алган жардырууга байланыштуу өлкө башчысы Режеп Тайып Эрдоганга көңүл айтты. Бул тууралуу 11-октябрда президенттик аппараттан билдиришти.
Автор: Жамалидин Парманкулов
Президент жиберген телеграммасында: "Кыргыз Республикасынын эли эл аралык коомчулукка коркунуч жаратып жаткан терроризмге каршы жана түрк элинин аза кайгысын тең бөлүшөт",- деп белгиледи. Ошондой эле Алмазбек Атамбаев каза болгондордун жакындарына кайрат айтып, жапа чеккендердин тезирээк сакайып кетишин каалаарын билдирди.
Түркиянын өкмөт башчысы Ахмет Давутоглу 10-октябрда 3 күндүк аза күтүү күнүн жарыялады. Ал эми жардыруудан каза болгондордун саны 95ке жетти. Ошол эле учурда жаракат алгандар 246га жетип, анын 50дөйү учурда жандандыруу бөлүмүндө жатат.
Жардыруу 10-октябрь күнү Анкара шаарындагы негизги темир жол бекетине жакын жерде жергиликтүү саат боюнча 10:00 чамасында болгон. Жардыруу болгон жерде тургундар өлкө бийлиги менен күрт радикалдарынын ортосундагы кагылышууну токтотуу талабы менен митинг өткөрүп жатышкан. Көпчүлүгү жаштар болгон.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
16:36
2025-07-17
Рейтинг:
0

