"Лейлек" чек ара отрядынын түзүлгөн күнүнө карата иш-чара өттү
Лейлекте аскердик бөлүктүн түзүлгөнүнүн 16 жылдыгына карата атайын иш-чара өттү. Бул тууралуу бүгүн, 12-октябрда Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти. Мекеме "Лейлек" чек ара отряды 1999-жылы ачылганын, быйыл өлкөнүн түштүк аймагын бекемдөө максатында бир нече чек ара бөлүмдөрү түзүлгөнүн эскертет. "Муну менен Кыргыз Республикасы жана Тажикстандын чек арасындагы коопсуздукту камсыздоого негиз түзүлдү. 2004-жылы 22-июлда өкмөттүн чечими менен "Лейлек" чек ара бөлүмүнө Исхак Раззаковдун ысымы ыйгарылган. Иш-чарага Чек ара кызматынын Баткен облусу боюнча башкармалыгынын башчысы Уларбек Шаршеев катышты",- деп айтылат маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:11
2025-11-10
15:14
2025-11-10
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















