super.kg logo
  Спорт  

Республикалык Спартакиадада Бишкектин командасы эркин күрөш мелдешинде 1-орунду ээледи

 

Учурда Жалал-Абадда Кыргыз Республикасынын 7-Спартакиадасы өтүп жатат. Спартакиаданын алкагында футбол, волейбол, баскетбол, стол тенниси, кыз-келиндер арасындагы эркин күрөш, грек-рим күрөшү, эркин күрөш, самбо, дзюдо, шахмат, жеңил атлетика жана бокс сыяктуу 13 спорт түрүнөн медалдар ойнотулууда. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен кабарлашты. 

10-11-октябрда эркин күрөш боюнча мелдештерде 8 салмак категориясында (57 кг, 61 кг, 65 кг, 70 кг, 74 кг, 86 кг, 97 кг, 125 кг) жеңүүчүлөр аныкталып, медалдар менен сыйланышты. Командалык эсепте Бишкектин командасы 8 медаль утуп, 1-орунду ээледи (анын төртөө алтын). 2-орунду Ош шаарынын командасы ээлесе (жалпы 5 медаль, экөө алтын), 3-орунду Жалал-Абад облусунун курамасы багынтты (жалпы 6 медаль, анын бири алтын). 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
12.10.2015. 21:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы. Кут болсун сыйлыгынар. Бирок уйдо баатыр жоодо жоксунар да, чет олколуктор менен курошо келгенде эле чыкканда эле женилип каласынар.
13.10.2015. 08:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аззаматсынар! Красавчиктер экен мага экинчини алган жигит жагып калды ... Алга ийгилик!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: