Билим берүү жана илим министрлиги: "Ата-энелер көп тилдүү билим берүүнү колдошууда"
"Акыркы 6 айда Билим берүү жана илим министрлиги көп тилдүү билим берүүгө арналган семинарларды өткөрдү жана мындай иштин оң жыйынтыгы байкалды",- деп билдирди бүгүн, 12-октябрда Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы.
Семинарларда педагогдордун квалификациясын жогорулатуу, окуу усулдарынын ар түрдүүлүгү боюнча сабактар өткөрүлгөнү айтылды. Көп тилдүү билим берүүнүн тренери Жылдыз Тойчуева буларды билдирди: "Улуттук билим берүүдө алгач грамматикага көңүл бөлүнсө, көп тилдүү билим берүүдө коммуникативдик ыкмаларга басым жасалат".
Көп тилдүү билим берүүнүн жакшы жактарын эске алган ата-энелер, педагогдор, жергиликтүү бийлик органдары мамлекетибиздеги көп тилдүү билим берүүнү колдошкону айтылат маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:11
2025-11-10
15:14
2025-11-10
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















