БШК талаш жараткан аймактарда добуштарды кайра саноо зарылчылыгын карай элек
Борбордук шайлоо комиссиясы парламенттик шайлоодон кийин талаш жараткан аймактарда добуштарды кайра саноо зарылчылыгын карай элек. Бул тууралуу SUPER.KG порталына БШКнын мүчөсү Жеңиш Акматов билдирди. "Учурда аймактык шайлоо комиссияларынын отчётторун алып жатабыз. Азырынча бизде добуштарды кайра саноо боюнча маселе карала элек",- деди Жеңиш Акматов.
Эскерте кетсек, “Бүтүн Кыргызстан - Эмгек” партиясынын тең төрагасы Адахан Мадумаров Кара-Суу, Өзгөн райондорунда жана Ош шаарындагы шайлоо участкаларындагы электрондук урнанын эсептөөсү кол менен саноонун жыйынтыгына дал келбей жатканын айтып, БШКдан аталган участкалардагы добуштарды кайра саноону талап кылган. Ал эми БШКнын төрагасы Туйгунаалы Абдраимов Мадумаровдун айтканы жалган экенин билдирген эле.
Шайлоонун расмий жыйынтыгын БШК 24-октябрга чейин жарыялайт.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
16:36
2025-07-17
Рейтинг:
0

