super.kg logo

Укук коргоочу: "Өлкөдөгү түрмө системин реформаламайынча абактан качуулар улана берет"

 

"Өлкөдөгү түрмө системин реформаламайынча абактан качуулар улана берет". Бул тууралуу бүгүн, 12-октябрдагы маалымат жыйынында "Келечек" улуттук кеңешинин төрайымы Төлөкан Исмаилова билдирди.

"Биз жаш жарандарыбыздан айрылып жатабыз. Кыргыз өкмөтү түрмө системине көңүл бурган эмес. Криминал өсүп жатат. Өмүр бою эркинен ажыратылгандардын саны 303 адамды түзөт. Кичинекей мамлекетибиз үчүн бул өтө көп. Биз аларга каражат сарптап жатабыз. Кыргыз өкмөтү түрмө реформасын жасоого жоопкерчилик алышы керек. Өлкөдөгү түрмө системин реформаламайынча абактан качуулар улана берет. 12-октябрдагы окуя күтүлүп жаткан нерсе болчу. Бул мыйзам ченемдүү көрүнүш",- деди ал. 

Эске салсак, 11-октябрдан 12-октябрга караган түнү Чүй облусунун Төмөнкү-Нооруз айылындагы №50-түзөтүү колониясынан 9 кылмышкер качып кетүүгө аракет жасаган. Жол-кайгуул кызматынын инспекторлору тарабынан 5 кылмышкер колго түшүрүлгөн. Дагы төрт кылмышкер изделип жатат. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
12.10.2015. 15:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Омуру откучо аларды багып отурбай атып эле салыш керек не кереги бар барыбир чыкпайт турмодон
jugorsk түзөттү 12.10.2015 15:51
12.10.2015. 16:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
А неге омур бою эркинен ажыраткандарды чогуу бир камерада болбосо да бир эле колониялык болумдо камашпайт жана катуу козомолго алышпайт?? Канча уй-булону какшатып боздоткон немелерди багуунун кандай зарылчылыгы бар?
12.10.2015. 18:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
алар деле адам да
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: