Кыргыз футболчулары Бангладешке каршы ак түстөгү форма кийип ойношот

Эртең, 13-октябрда Бишкектеги Д.Өмүрзаков атындагы стадиондо кыргыз футболчулары Бангладеш курамасына каршы беттешке чыгышат. Оюн Дүйнө чемпиондугунун тандоо турунун алкагында "В" тайпасында өтөт. Бул оюндун алдында командалардын өкүлдөрү катышкан отурумда футболчулар кие турган формалар тандалды.
Автор: Максат Кудайбердиев
КРнын Футбол федерациясынан кабарлашкандай, кыргыз футболчулары оюнга ак түстөгү форма кийип чыгышат. Ал эми бангладештиктер кызыл түстөгү форма менен майданга чыгышат.
Кошумчалай кетсек, 13-октябрда өтө турган оюнга 19:30да старт берилет.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Жигиттер