Сокулукта 3 миң тонна жашылча-жемишке ылайыкталган логистикалык борбор ачылды
Премьер-министр Темир Сариев бүгүн, 12-октябрда Сокулук районундагы “Агропродукт Азия” логистикалык борборунун ачылышына катышты.
Премьер-министр: “2700 чарчы метр аянтка жайгашып, 3 миң тоннага чейин жашылча-жемишти сактоо мүмкүнчүлүгүнө ээ болгон бул логистикалык борбордун Чүй аймагы үчүн эле эмес, жалпысынан мамлекетибиздин айыл чарбасына жана экономикасына пайдасы тиет”,- деп баса белгиледи.
“Түшүмдү жыйноо жана сактоо эски стандарттар боюнча сакталып, учурдун талабына жооп бербегендиктен, дыйкандар өндүргөн продукциясынын 30-40 пайызын гана сактап калышууда. Бул маселени чечүү үчүн өкмөт ушул сыяктуу логистикалык борборлорду, жашылча-жемиш сактоочу жайларды жана күнөсканаларды куруу боюнча иштерди аткарып жатат. Андан сырткары соода-логистикалык борборлорду куруу айыл чарба өндүрүүчүлөрүнүн жашылча-жемиш продукцияларын сактоого, бөлүштүрүүгө жана ташууга коротулган каражаттарын 50 пайызга азайтат",- деп билдирди өкмөт башчы.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0

