Бишкек мэри Иса Өмүркулов шаардык кеңештин айым депутаттарын 8-Март майрамы менен куттуктады





5-мартта мэр Иса Өмүркулов Бишкек шаардык кеңешинин айым депутаттарын 8-Март майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди. Өмүркулов депутат айымдарга жемиштүү иш, чың ден соолук жана энелик бакыт каалады. “Аялсыз жашоо мүмкүн эмес. Улуу урматтуу аялдарга эң жакшы нерселер арналат. Сиздер бар үчүн жумуш жакшы тарапка бир топ өзгөрдү”,- деди мэр. Белгилүү болгондой, шаардык кеңештеги 45 депутаттын 12си айымдар.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:52
2025-06-26
13:13
2025-06-26

Рейтинг:
0

