ЭЛДИК КАБАР: Балдарын бейтааныш адамга таштап, Орусияга кетип калган айым изделүүдө



Алтынай айым балдары менен
3 жана 4 жашар балдардын энеси наристелерин Ош шаарындагы бейтааныш адамга таштап, Орусияга кетип калды. Ага издөө жарыялоо суранычы менен окурман SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу билдирди.
"Кичинекей кыздын айтуусу боюнча, апасынын аты - Алтынай. Учурда ал Орусия Федерациясында. Эки кичинекей баласын бейтааныш адамга таштап кетип калган. Балдарынын аты-жөнү: уулу Рамазан 4 жашта, кызы Каныкей 3 жашта. Учурда балдарын Ош шаарындагы Балдарды жана үй-бүлөнү реабилитациялоо борборуна убактылуу жайгаштырдык",- дейт окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.
Рубрикадагы соңку кабарлар
18:30
2025-05-20

18:9
2024-12-02

15:12
2024-11-11

11:40
2024-10-01
12:43
2024-09-28

14:33
2024-09-24

Рейтинг:
-1

Бул россияга кетиптиир тооба