ЭЛДИК КАБАР: Окурман Баткендин Аңкур-Сай аймагындагы бурулушта сак болууга чакырууда






Баткен облусунун Кадамжай районундагы Аңкур-Сай аймагындагы бурулушта көптөгөн кырсыктар болуп, көптөгөн адамдар каза таап, айрымдар өмүр бою майып болушууда. Бул тууралуу окурман SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу билдирди.
Автор: Нургазы Аматов
"Ушул жолду алып салып, бөлөк жерден жол ачыш керек. 3-октябрда Тико түшүп кетип өрттөнүп, ичиндеги 2 адам өлгөн. Бул Аңкур-Сайдагы бурулушту билбеген адам катуу ылдамдыкта бара жатып кырсыкка учурашы толук мүмкүн",- дейт окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.
Рубрикадагы соңку кабарлар
18:30
2025-05-20

18:9
2024-12-02

15:12
2024-11-11

11:40
2024-10-01
12:43
2024-09-28

14:33
2024-09-24

Рейтинг:
7

Сунушуңуз эсте болот, рахмат.