super.kg logo
  Саясат  

Баткен, Ысык-Көл жана Талас облусундагы бардык аймактык шайлоо комиссияларынын отчёттору алынды

 
Борбордук шайлоо комиссиясы 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоонун жыйынтыгы боюнча аймактык шайлоо комиссияларынын отчётторун кабыл алуу уланып жатканын, акыркы жыйынтык жакын арада жарыяланарын 12-октябрда билдирди. 
Бүгүнкү күнгө карата Баткен, Ысык-Көл жана Талас облусундагы бардык аймактык шайлоо комиссияларынын отчёттору алынды. Протоколдорду кабыл алууда шайлоо участкасында идентификациядан өткөн жарандар боюнча аталган участкадан борбордук серверге түшкөн маалыматтар текшерилип жатканы, Мамлекеттик каттоо кызматы менен участкалык комиссиялардын маалыматында айырмачылык өтө аз экени айтылды. "Айрым айырмачылыктар текшерилет, бирок алар шайлоонун жыйынтыгына таасир эте албайт",- деп билдирет БШК. 





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: