Венесуэланын президенти Уго Чавес көз жумду
2011-жылдан бери рак оорусунан жабыркап жүргөн Венесуэланын президенти Уго Чавес 5-март күнү көз жумду. Бул тууралуу аталган өлкөнүн маалымат булактары жарыялашты. Президентке 4 операция жасалып, акыркысы 2012-жылдын декабрь айында болгон. Акыркы операциядан соң абалы оорлошкон Чавес көп убакыт Кубада дарыланып, өз өлкөсүнө февраль айынын ортосунда гана келген болчу. Айта кетсек, ал 2012-жылдын октябрь айында ооруганына карабай президенттик шайлоого катышып, шайлоочулардын 54 пайыз добушу менен жеңүүчү болгон. Бирок инаугурациясын өткөрө элек болчу. Эскерте кетсек, Уго Чавес алгачкы жолу Венесуэланын президенти болуп 1999-жылы шайланган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
21:13
2025-11-05
19:43
2025-11-05
17:12
2025-11-05
14:32
2025-11-05
10:57
2025-11-05
Рейтинг:
2
2
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео















