Ысык-Атадан киши колдуу болуп көз жумган 75 жаштагы пенсионер аялдын жансыз денеси табылып, ага 20 жаштагы жигит күнөөлөнүүдө

Ысык-Атадан киши колдуу болгон 75 жаштагы пенсионер аялдын жансыз денеси табылып, ага 20 жаштагы жигит күнөөлөнүүдө. Бул тууралуу 13-октябрда Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Автор: Жамалидин Парманкулов
Маалыматка таянсак, Ысык-Ата РИИБине райондун Жетиген айылынын Коңурбай көчөсүндөгү адам өлүмү боюнча чалуу түшкөн. РИИБдин ыкчам иликтөө тобу аталган жайга барып, ал жердеги үйлөрдүн биринин кире беришинен киши колдуу болгон 65-75 жаштар чамасындагы аялдын жансыз денесин тапкан. Тактоо иштеринин натыйжасында аялдын өздүгү аныкталып, ал 1940-жылы туулган Ч.Айнаке аттуу жаран экени белгилүү болду. Ал бир ай мурун бала кезинде бирге жашаган Д.Нина аттуу жакынынын үйүнө конокко келген экен.
Бул факт боюнча кылмыш иши ачылып, экспертизалык топ дайындалган. Издөө иштеринин жыйынтыгында шектүү катары аталган айылдын 1995-жылы туулган И.Ж. аттуу тургуну кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
9:42
2025-07-02
14:27
2025-07-01
8:26
2025-07-01

Рейтинг:
2

Комментарийлер(2)
AiBoru

13.10.2015. 13:19
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Олумго чейин апарган ортосунда эмне талаш болду экен. Бироо улгайган аял болсо куноолуу болсо жаш бала. Корко турган эле заман болуп баратат
aytkulova

13.10.2015. 14:42
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
"Качан бироо келип олтуруп кетет экен" деген заман болуп калды го...
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.