super.kg logo

Омор Султанов, Эл акыны: “Китепти көп окуган адам эч качан кылмыш жасаганга барбайт”

 
Омор Султанов

“Китепти көп окуган адам эч качан кылмыш жасаганга барбайт”. Мындай пикирин Кыргыз Эл акыны, прозаик Омор Султанов бүгүн, 13-октябрда журналисттерге берген маегинде айтты. Акын китеп сүйгөн адам руханий жактан байып, жакшы-жаманды айрып биле турганын белгиледи. 

“Адамдарды китепти көп окууга чакырат элем, анткени ал билим алат, поэзияны түшүнөт. Көркөм чыгарманы тамшана окуган жаран адам өлтүрүү эмес, чычкан өлтүрө албайт.

Ошол эле учурда күндөн-күнгө китеп окугандар азаюуда деп айтышууда. Мен буга кошулбайм, кайсы бир убакытта адамдар китепти көп окуганга өтүшөт. Ал эми жаштардын китепти көп окубай жатканына алар күнөөлүү эмес, буга жаңы технологиялар жана заман себепкер. Бирок "беш кол тең эмес" дегендей, акылдуу, таланттуу жаштар сөзсүз китепти окуйт, ансыз болбойт”,-деди акын.

Айта кетсек, Улуттук китепканада Омор Султановдун 80 жылдыгына арналган азем өтүп жатат. Ага мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, акын-жазуучулар, студенттер катышууда. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Комментарийлер(4)
13.10.2015. 13:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Китеп көп окугандар кылмыш кылбайт дейт. Кеп кандай китеп окуганда. Детектив китептер, криминал, ыпластыктарга шыкалган китептерди окугандарга кепилдик жок. Айтматов менен Касымбековду, Даникеевди, Жусуев менен Эралиевди окугандар барбашы мүмкүн...
13.10.2015. 14:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Азыр технологиянын онуккон мезгилинде китеп бетин ачкан, кызыгып окуган эч кимди деле корбойм. Дээрлик баарыбыз интернет пайдаланабыз. Ар бир атуул оз алдынча келечекке коз жугуртуп конбодукпу. Омор агай бирок негизинде туура айткан.
13.10.2015. 14:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Кутман курагыңыз кут болсун!
Омор агайдын калемине таандык керемет ырларга сонун обондор чыгарылып, ырдалып жүрөт.
Ошол ырлары үчүн терең ыраазычылык!
13.10.2015. 16:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Туура. Абдан оптимист адам окшойт:)
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: