super.kg logo

Кара-Суу районунда 60 сотых жер тилкесин мыйзамсыз берүү фактысы боюнча кылмыш иши козголду

 

УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын Ош шаары жана Ош облусу боюнча бөлүмү ыкчам издөө иштерин жүргүзүп, Ош облусунун Кара-Суу районунда жер тилкесин мыйзамсыз берүү боюнча фактыларды таап чыкты. 

УКМКдан 13-октябрда билдиришкендей, 2014-жылы Кара-Суу районунда Сарай айыл башчылыгынын кызматкерлери Х.Д. деген жаранга "1999-жылы 60 сотых жер тилкеси берилген" деген жалган маалымдама беришкен. Ушул маалымдаманын негизинде Кара-Суунун райондук соту аны жер тилкенин ээси деп тааныган. Мындан сырткары Мамлекеттик каттоо кызматынын Кара-Суу району боюнча башкармалыгы бул жер тилкесин жеке турак жай курулушу катарында каттоого алган.

“Кыргызгипрозем” Мамлекеттик долбоордук институтунун аныктоо белгилери боюнча көрсөтүлгөн жер айыл чарба багытындагы жерлердин катарына кирет жана өзгөчө баалуу айдоо-сугат айыл чарба жери болуп саналат. Ушул себептен трансформациялоо жүргүзүлбөй туруп, жердин дайындоосу мыйзамсыз өзгөртүлгөн.

Анын негизинде УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкы башкармалыгынын тергөө бөлүмү КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 304-берене (кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу), 315-берене (кызматтык жасалмачылык), 350-берене (документтерди, мамлекеттик сыйлыктарды, штамптарды, мөөрлөрдү, бланктарды колго жасоо, даярдоо, сатуу же алардын жасалмаларын пайдалануу) жана 166-беренеси (алдамчылык) боюнча кылмыш ишин козгоду.

Азыркы маалда тергөө иштери жүрүп жатат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
13.10.2015. 18:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Факт боюнча далилдей албасам да канчалаган Айыл окмоттордо резервдеги Соц.Фондко караштуу улуш жерлер жен ичинен сатылгандыгынан кабардармын. Азырынча бул чекесии..
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: