№50-абактан качкан кылмышкерлердин колунан оор жаракат алган кызматкердин абалы оор бойдон калууда



КРнын Вице-премьер-министри Абдырахман Маматалиев кылмышкерлердин колунан оор жаракат алган Жаза аткаруу кызматынын кызматкеринин абалы менен таанышты. Бул тууралуу 13-октябрда өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Автор: Айпери Ганыжан кызы
Комада жаткан Тилек Абылгазиев азыркы тапта Улуттук госпиталда дарыланып жатат. Дарыгерлердин айтымында, анын абалы операция жасалгандан кийин да оор бойдон калууда, бирок кан басымы жана дем алуусу туруктуу. Ал баш сөөгүнөн оор жаракат алып, көп кан жоготкон.
Вице-премьер-министр Т.Абылгазиевдин туугандары менен жолугуп, анын дарылануусу үчүн бардык аракеттер көрүлөрүн айтты. Ошондой эле өкмөт тарабынан азырынча 50 миң сом каражат бөлүү чечими кабыл алынганын кошумчалады.
Эске салсак, 11-октябрдан 12-октябрга караган түнү Чүй облусунун Төмөнкү-Нооруз айылындагы №50-түзөтүү колониясынан 9 кылмышкер качып кетүүгө аракет жасаган. Жол-кайгуул кызматынын инспекторлору тарабынан 5 кылмышкер колго түшүрүлгөн, дагы 4 кылмышкер изделип жатат. Кылмышкерлер абактын кызматкерлерин муунтуп өлтүрүп чыгып кетишкен. Алардын колунан 3 кызматкер жан берсе, бири оор жаракат алган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:20
2025-06-27
13:53
2025-06-27

Рейтинг:
0

Провокация жарата турган билдирүүлөрдү жазууга тыюу салынат.