super.kg logo

Жылнаама, 14-октябрь: Мындан 40 жыл мурун “Рэкетир” тасмасында башкы каармандын ролун аткарган казак актёру Саят Исембаев туулган

 
* Мындан 103 жыл мурун, 1912-жылы АКШнын мурдагы президенти Теодор Рузвельт президенттик шайлоо алдында сөз сүйлөп жатканда анын өмүрүнө кол салуу болгон. Атылган октон жаракат алган Рузвельт медициналык жардамдан баш тартып, 90 мүнөт сөз сүйлөгөн. Ал ок Рузвельттин төшүнө тийип, аны алып чыгуу кооптуу болгон. Ошондуктан окту Теодор Рузвельт өмүрүнүн аягына чейин алдырткан эмес.
 
* Мындан 89 жыл мурун, 1926-жылы Лондон шаарында Алан Милнге таандык “Винни-Пух” китеби жарык көргөн. Англиялык жазуучу Алан Милн өзүнүн уулу Кристофер Робиндин кыялдарын жазып отуруп чыгарма жараткан. Анын башкы каарманы Винни-Пух деген мамалак болгон.
* Мындан 40 жыл мурун, 1975-жылы “Рэкетир” тасмасында башкы каармандын ролун аткарган казак актёру Саят Исембаев туулган. Казакстандагы А.Селезнёв атындагы окуу жайдын бий бөлүмүн аяктаган. Саят Исембаев "Десант" (1997), "Каждый взойдёт на Голгофу" (2000), "Козу Көрпөш – Баян Сулуу" (2001), "Найман эненин көз жашы" (2003), "Рэкетир" (2007), "Братья" (2009), "Кыялдагыдай шаар" (2009), "Сказ о розовом зайце" (2010) тасмаларында роль жараткан.
* Мындан 35 жыл мурун, 1980-жылы түрк актрисасы Жансу Дере Түркиянын Анкара шаарында туулган. Мектепти аяктаган соң Стамбул университетине тапшырып, археология бөлүмүн аяктаган. Студент кезинен тартып моделдик бизнес менен алектенип, Түркиядагы эң көп каражат тапкан моделдердин катарын толуктаган. Ошондон улам режиссёрлордон сунуш түшө баштаган. Анын кино тармагына болгон кадамы 2002-жылдан башталып, алгач "Күүгүм" телесериалында тушоосун кескен. Ал эми атактуулукту ага Гүл Огуздун "Сыла. Үйгө кайтуу" тасмасы алып келген. Андан соң "Эзель" (Эйшан Атай), "Даңазалуу кылым" (Фируза) ж.б. тасмаларда роль жараткан.
14-октябрда кыргыз өлкөсүндө жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар.

кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: