super.kg logo
  Спорт  

Улуттук курамдын футболчусу Дениэл Тего бул оюнга жаракатынан улам чыккан жок

 
Солдон оңго: Павел Сидоренко жана Тамирлан Козубаев
Солдон оңго: Валерий Кичин жана Павел Матяш

Бүгүн, 13-октябрда кыргыз футболчулары Бангладеш курамасын кабыл алып, 2:0 эсебинде утуп алышты. Голдорду Ильдар Амиров менен Виталий Люкс киргизди.

Бул оюндун башкы курамында бир топ өзгөрүү болгонун буга чейин жазганбыз. Анда Дениэл Тегонун ордуна Тамирлан Козубаевдин чыкканы көпчүлүк үчүн жаңылык болгон. Муну башкы машыктыруучу Александр Крестинин төмөнкүчө түшүндүрдү: “Дениэл Тего бул оюнга жаракатынан улам чыга албай калды. Бул улуттук курам экенин эске алып, анын ордун татыктуу ээлей турган оюнчу катары Тамирланды майданга чыгарганбыз. Анын оюну купулума толду”.

Калган орун алмашуулар боюнча айтсак, Тажикстан менен оюнга чыкпай калган Валерий Кичин өз ордуна кайрадан кайтып келгени күтүлгөн эле окуя болду. Ал эми Павел Сидоренконун негизги курамда чыкканы Бактияр Дүйшөбековдун сары айып кагазынан улам бул оюнга чыга албаганы менен байланыштуу болду.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
14.10.2015. 11:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Менин оюмча Тамирлан негизги оюнчу болуш керек, а Тего запастагы
14.10.2015. 23:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ээ ал кыргыз кызын алып куда тозуп бошобой калдыы деп эле айтпайсынарбы. Же откон оюндагы косягы учун уялып чыкпай каалдыы деп.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: