Ош облусунда Кырсыктардын коркунучун азайтуунун эл аралык күнүнө карата машыгуу өттү (фото)
























Ош облусунда
Кырсыктардын коркунучун азайтуунун эл аралык күнүнө карата машыгуу өттү. Муну бүгүн,
14-октябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалым болгондой,
иш-чара 13-октябрь күнү ӨКМнын Республикалык куткаруучулар
отрядынын бөлүмүнүн окуу борборунда өткөрүлдү. Машыгуунун башкы
максаты Ош облусунун Жарандык коргоо башкармалыгынын органдары менен
жергиликтүү коммерциялык эмес уюмдардын альянсынын жер титирөө маалындагы иш-аракеттерин жөнгө салуу болуп эсептелет.
Ошондой эле аталган иш-чара алардын даярдык деңгээлин жогорулатууга, өзгөчө кырдаалдын масштабын жана жабыркагандардын керектөөсүн баалоого, адамдардын өлүмүн болтурбоого, материалдык жана техникалык ресурстарды эффективдүү пайдаланууга үйрөнүү жана башкаларга багытталган.

