Бишкекте “үй ичинен 13 700 сомго бааланган буюмдарды уурдаган” деген шек менен 24 жаштагы жаран кармалды
Бишкектин Дордой жаңы конушунда милиция кызматкерлери тарабынан уурулукка шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 14-октябрда Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, аталган конуштун тургуну арыз менен милицияга кайрылган. "13-октябрь күнү саат 15:00 чамасында белгисиз адам Дордой конушундагы үйлөрдүн биринин кулпусун сындырып, буюмдарды чыгарып кеткен. Мындан улам жалпысынан 13 700 сомго материалдык зыян келтирилген.
Свердлов РИИБинин ыкчам кызматкерлери бул кылмышка шектүү катары
24 жаштагы Т.И. аттуу жигитти кармашкан. Учурда иликтөө иштери жүрүүдө",- деп жазылат маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
9:42
2025-07-02
14:27
2025-07-01
8:26
2025-07-01

Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
Medina87

14.10.2015. 13:56
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ээх,кайран кулгун омур, болбогон нерсе учун нысаптын кулу гана болуп кеттин, атаганат...
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.