super.kg logo

Өткөн суткада республиканын аймагында 10 өрт кырсыгы катталды

 

Өткөн сутка ичинде Республиканын аймагында 10 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 12 өрт өчүрүү бөлүмү тартылган. Бул тууралуу бүгүн, 14-октябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы Жарандык коргонуунун Өрткө каршы кызматынын маалыматына таянып билдирди. 

Маалым болгондой, Бишкекте бир өрт катталган. Анда Осмонкул көчөсүндөгү кафелердин биринде тамеки тартуудагы этиятсыздыктан столдун үстүндөгү дасторкон күйгөн. Ал эми Чүйдө 2 өрт кырсыгы катталды. Кемин районунун Алмалуу айылынын Жекшен көчөсүндөгү 30-үйдүн короосунда 4,5 тонна чөп күйгөн. Буга балдардын от менен ойногону себеп болгон. Ошондой эле Чүй районунун Садовое  айылында 300 түк саман, 250 түк беде күйгөн. Себеби такталууда. Муну менен катар Баткенде 2 тилсиз жоо, Жалал-Абадда 2, Ошто 3 өрт кырсыгы катталган.  






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: