super.kg logo

Ошто Шаар күнүн белгилөөгө даярдыктар жүрүүдө

 

Ошто 29-октябрда боло турган Шаар күнүн жогорку деңгээлде өткөрүү үчүн шаар мэриясы тарабынан даярдыктар жүрүп жатат. Бул тууралуу 14-октябрда мэриянын басма сөз кызматы билдирди. 

Майрам күнү шаардын борбордук аянтында театрлаштырылган концерттик программа, “Боорсок” фестивалы, кийимдердин көргөзмөсү, А.Сүйүнбаев атындагы борбордук стадиондо улуттук оюндар жана белгилүү ырчы, бийчилердин катышуусунда чоң шоу-концерт тартууланат. Мындан сырткары Шаар күнүнө карата жаңы курулган бир катар социалдык объектилердин, курулуштардын ачылышы болот.

Борбордук аянтта өтүүчү театрлаштырылган концерттин катышуучулары 8-октябрдан тартып даярданышууда. Эскерте кетсек, 4-октябрда болгон парламенттик шайлоого байланыштуу 5-октябрь - Ош шаарынын күнүн салтанаттуу белгилөө 29-октябрга жылдырылган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: