super.kg logo

Эртең Бишкектин айрым жерлеринде ичүүчү суу токтотулат

 
15-октябрда оңдоо иштерине байланыштуу саат 09:00дөн 17:00гө чейин баш калаанын айрым жерлеринде таза суу берилбейт. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти. 
Маалыматка караганда, эртең Садыгалиев, Профсоюздар, Фучик көчөлөрүнүн жана темир жолдун айланасында суу берилбейт. Анын ичинде Кызыл-Аскер району, 110-квартал, Достук, Газгородок конуштары, аскер бөлүктөрү, П.Лумумба, Чүй кең көчөсүндөгү от казандар, "Полибетон" ишканасы, УКМК, "Шоро, "Жашылча", "Нургаз" ишканалары, Улуттук гвардия, Ленин районунун аскер комиссариаты, "Кыргыз коньягы", "Кыргыз мебель" ишканалары, ИИМдин атайын мектеби, №1-Үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору, Республикалык наркологиялык борбор, "Илбирс" акционердик коому, №15, 49, 50, 54-орто мектептери, "Асскон" ишканасы, Фучик көчөсүндөгү Жогорку медицина мектеби, №1-мектеп-интернаты, "Алтын тамыр" ишканасы, "Фрунзе-Плюс" дүкөнү, "Тамга-Таш ЛТД", "Транс Союз Азия", "Кав-Кев" ишканалары, "Беш-Сары" соода борбору, "БПП Резьби" ЖЧКсы, "Бишкек-Петролиум" май куюучу жайында суу токтотулат.
"Бишкек суу-канал" башкармалыгы ыңгайсыздык жараткандыгы үчүн шаар тургундарынан кечирим сурайт жана таза суу камдап алуусун суранат",- деп айтылат маалыматта.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: