super.kg logo
  Саясат  

Орусияда миграциялык мыйзамдарды бузган 28 миңден ашуун кыргыз жараны өлкөгө кирүү мүмкүнчүлүгүн пайдаланды

 

Υстүбүздөгү жылдын 19-июнунда Кыргыз Республикасы жана Орусия Санкт-Петербургдагы экономикалык форумдун алкагында кыргыз мигранттарына байланышкан келишимге жетишишкен. Келишимдин негизинде Орусияга кирүүгө 3 жылга чейин тыюу салынган кыргыз жарандары үчүн бул чектөөнү жоюу тууралуу (андагы негизги шарт: мигрантка тыюу салынган мөөнөттүн кеминде жарымы аяктаган болуш керек) жана Орусиянын аймагында миграциялык мыйзамдарды бузуу менен жүргөн кыргыз өлкөсүнүн жарандарына 2015-жылдын 10-июлунан тартып 2015-жылдын 1-ноябрына чейин эч кандай тоскоолдуксуз Орусиядан чыгууга жана кайра кирүүгө уруксат берилген. Бул чечим алардын Орусияда легалдуу жүрүшүнө жана эмгектенүүсүнө мыйзамдуу шарт түзөт.

2015-жылдын 1-октябрына карата 3 жылга "кара тизмеге" кирип, арадан 1,5 жыл өткөн 41 639 адамга Орусиянын аймагына кирүүгө уруксат берилген. Бул мүмкүнчүлүктөн 28 360 кыргыз жараны пайдаланды. Бул тууралуу КРнын Орусиядагы элчилигинин басма сөз кызматы билдирди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: